20.01.2017, 18:00

Вашингтондо Трамптын каршылаштары менен жактоочуларынын кагылышуусу учурунда полиция газ колдонду

Вашингтондо Трамптын каршылаштары менен жактоочуларынын кагылышуусу учурунда полиция газ колдонду

Бишкек, 20-январь /Кабар/. Вашингтондо АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын каршылаштары менен жактоочуларынын кагылышуусу учурунда полиция газ колдонду, деп билдирди Ассошиэйтед Пресс агенттиги.

Вашингтондо бүгүн 20-январга белгиленген инаугурациянын алдыңкы түнү Дональд Трамптын каршылаштарынын жана жактоочуларынын ортосунда кагылышуу болду. Кагылышуу журналисттердин National Press Club бизнес-борборунун алдында болду. Ал жерде Трамптын жактоочуларынын кечеси өтүп жаткан болчу. Алгач бири-бирин тилдешсе, андан соң ар нерсе менен ургулашып кетишти. Полиция ызы-чуу түшүп, токмоктошкан элди тынчтандыруу үчүн химиялык аэрозоль колдонууга аргасыз болду.

Жабырлангандар тууралуу маалымат айтылган жок.

Булак: РИА Новости