Дүйнө

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/01 15:25
 

Стамбулдагы түнкү клубга теракт жасаганга шектелип кармалган адам күнөөсүн мойнуна алды

Стамбулдагы түнкү клубга теракт жасаганга шектелип кармалган адам күнөөсүн мойнуна алды

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Жаңы жылдын түнүндө Стамбулдагы түнкү клубга кол салып, 39 адамды атып кеткенге шектелип кармалган Өзбекстандын тургуну күнөөсүн мойнуна алды, деп билдирди Reuters.

Стамбулдун губернатору Васип Шахиндин айтымында, 1983-жылкы Абдулкадир Машарипов күнөөсүн мойнуна алган, анын үстүнө бул адамдын манжаларынын тактары кылмыш болгон жерден алынган манжалардын тактары менен дал келген.

Шахин кылмышкер Машарипов Ооганстандан машыгуудан өтүп, Түркияга чыгыш чек ара аркылуу жашыруун өткөндүгүн белгиледи.

Ошондой эле, Шахин чабуулдун артында “Ислам малекети” террордук уюму тургандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Жаңы жылдын түнүндө куралчан адам Reina түнкү клубуна кирип келип Жаңы жылды майрамдап жаткандарга ок чыгарган. 39 адам каза болуп, 69 адам жаракат алган. Өлгөндөрдүн арасында Россиянын да жараны болгон. Түрк бийлиги муну теракт деп атаган.

Кийинчерээк бул кол салууну “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик уюм өз мойнуна алган.

Булак: Газета.ру

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу