Дүйнө

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
17/01 10:14
 

Түркияда Стамбулдагы түнкү клубга кол салганга шектүү адам кармалды

Түркияда Стамбулдагы түнкү клубга кол салганга шектүү адам кармалды

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Түрк полициясы Жаңы жылдын түнүндө Стамбулдагы түнкү клубга кол салып, 39 адамды атып кеткенге шектүү адамды кармады, деп билдирди түрк басылмалары.

Reina түнкү клубуна кол салган кылмышкер өзбекстандык Абдулкадир Машарипов болгон деп эсептелүүдө.
TRT телеканалынын маалыматына караганда, аны менен кошо 4 жашар уулу да болгон. NTV телеканалы кылмышка шектүү жаран Кыргызстандык досунун үйүндө кармалганын маалымдады.
Түрк басылмаларында бул адамдын бетиндеги көгөргөн тактары жана кийип турган футболкасындагы кандын тактары менен кошо тартылган сүрөтү жарыяланды.
ЖМКдагы маалыматтар боюнча кылмышка шектүү адам Түркиянын Конья шаарындагы батирде аялы жана 2 баласы менен жашап турган.

Эскерте кетсек, Жаңы жылдын түнүндө куралчан адам Reina түнкү клубуна кирип келген. Ал түнкү клубга жекшемби күнү такси менен келип, Жаңы жылды майрамдап жаткандарга ок чыгарган. 39 адам каза тапкан. Өлгөндөрдүн арасында чет өлкөлүктөр да болгон. Ондогон адам жаракат алган. Түрк бийлиги муну теракт деп атаган.
Кийинчерээк бул кол салууну “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик уюм өз мойнуна алган. Аталган экстремисттик уюм бул кол салууну Түркиянын Сириядагы аракети үчүн өч алуу деп жарыялаган.

Булак: Би-Би-Синин орус кызматы

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу