Ири өлчөмдө пара алууга шектелип Казакстандын мурдагы экономика министри камалды

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Ири өлчөмдө пара алганга шектелип мурда кармалган Казакстандын Улуттук экономикасынын экс-министри Куандык Бишимбаев камалды, деп билдирди Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюронун басма сөз кызматынан.
“12-январда Астананын Алма-Ата районунун райондук сотунун санкциясы менен Куандык Бишимбаев камакка алынды”,-деп айтылат билдирүүдө.
Мындан мурда Бишимбаев алдын-ала жашыруун сүйлөшүү жолу менен бир нече мертебе пара алгандыгы маалымдалган.
Булак: РИА Новости