06.01.2017, 17:06

Ирандын түштүгүндөгү 5,1 магнитудадагы жер силкинүүдөн үйлөр кыйрап, 4 адам каза болду

Ирандын түштүгүндөгү 5,1 магнитудадагы жер силкинүүдөн үйлөр кыйрап, 4 адам каза болду

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Ирандын түштүгүндөгү 5,1 магнитудадагы жер силкинүүдөн үйлөр кыйрап, 4 адам каза таап, 4 адам жаракат алды, деп билдирди Ассошиэйтед Пресс агенттиги жергиликтүү телеканалга таянып.

Жер титирөөнүн очогу Фарс провинциясындагы Хондж шаарына жакын жайгашкан кыштактардын бирине туура келген.

Телеканалдын маалыматына караганда, каза тапкандар – чет өлкөлүктөр. Алдын- ала божомолдорго караганда алар жергиликтүү фермаларда иштешкен Ооганстандын жарандары болгон.

Европалык жер ортолук сейсмологиялык борбордун (EMSC) маалыматы боюнча 5,2 магнитудадагы жер силкинүү UTC (05.33 мск) убактысы боюнча саат 02.33тө катталган. Анын очогу Шираз шаарынан 170 км алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн жер астындагы очогу 10 км тереңдикте болгон.

Булак: РИА Новости