Дүйнө

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
06/01 11:39
 

Түркиянын вице-премьери: Измирдеги жардырууну уюштургандар мындан да чоң кандуу кол салууга даярданышкан

Түркиянын вице-премьери: Измирдеги жардырууну уюштургандар мындан да чоң кандуу кол салууга даярданышкан

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Түркиянын вице-премьери Вейси Кайнактын Измир шаарындагы жардыруу болгон жерден табылган куралдар өтө чоң масштабдуу чабуул даярдалып жаткандыгынан кабар берет, деп айтканын Рейтер агенттиги билдирди.

“Жардыруу болгон жерден табылган курал-жарактар, бомбалар, өтө чоң кандуу кылмыш даярдалып жаткандыгын билдирип турат”,-деп Кайнактын айтканын агенттик жазган.

Түркиянын вице-премьери ошондой эле бул теракт түрк аскер аба күчтөрүнүн Сириядагы жана Ирактагы аскер операцияларын токтото албай тургандыгын кошумчалаган.

Мындан мурда аталган теракттан 1 полиция жана 1 сот кызматкери каза тапканы, 5 адам жаракат алганы, атышууда 2 террорчу өлтүрүлгөнү кабарланган.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу