Дүйнө

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
06/01 10:51
 

ЖМК: ИМ террордук тобу Мосулдагы өзүнүн согушкерлерине акы төлөөнү токтотту

ЖМК: ИМ террордук тобу Мосулдагы өзүнүн согушкерлерине акы төлөөнү токтотту

Бишкек, 6-январь /Кабар/. «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобу Ирактын Мосул шаарындагы өзүнүн согушкерлерине акы төлөөнү токтотту, деп билдирди Telegraph басылмасы шаардын тургандарына шилтеме кылып.

Басылманын маалыматына караганда, согушчандарга 350 доллардан төлөп беришчү. Эми аларга негизги пайда алып келип жаткан нефть инфраструктурасына чоң зыян келтирилген соң террордук ишмердигине акча каражатын ала албай калышты.

«Ислам мамлекети» террордук тобунун жаңы акча табуу булагы – шаардан жашоочуларды чыгарганы үчүн пара алуулары гана болуп калды, деп жазган гезит.

ИМ согушчандары 2014-жылы басып алышкан Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарын бошотуу операциясы 2016-жылы 17-октябрда башталган. Шаарды бошотуу операциясына Ирак аскерлери, жергиликтүү калктан түзүлгөн отряддар, күрт пешмергдери жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер аба күчтөрү катышууда.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу