Дүйнө

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
05/01 15:37
 

ЖМК Берлиндеги теракт тууралуу жаңы маалыматтарды жарыялады

ЖМК Берлиндеги теракт тууралуу жаңы маалыматтарды жарыялады

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Берлиндеги терактка шектелип Миланда полиция менен атышууда өлгөн 24 жаштагы тунистик Анис Амри жихадчыларды “бардык зарыл нерселер менен каржылап турган” исламчылардын тобунда турган, деп жазды Kölner Stadt-Anzeiger гезити полицияга шилтеме жасап.

Гезиттиги маалыматка караганда, бул уюм террорчуларды жасалма документ, акча, жашырынуучу жер жана бардык зарыл маалыматтар менен камсыздап турган. Амри башкаларды да Германиянын аймагында террордук чабуулдарды жасоого чакырган. Жарылуучу заттарды, атуучу куралдарды алуунун жолдорун издеген.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 19-декабрда жүк ташуучу машина Берлиндин борборунда Пайгамбардын туулган күүнүн майрамдоого чогулган элди тепсеп, 12 адам каза таап, 48 адам жаракат алган. Германия бийлиги бул окуяны теракт деп атаган. Чабуулду Ислам мамлекети деп аталган террордук топ өз мойнуна алган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу