Дүйнө

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
05/01 11:17
 

ЖМК: Стамбулда террорчуга окшоштурушуп Түркмөнстандын жаранын кармап алышып, сабап салышкан

ЖМК: Стамбулда террорчуга окшоштурушуп Түркмөнстандын жаранын кармап алышып, сабап салышкан

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Стамбулдагы райондордун биринин тургундары Жаңы жылдын түнүндө түнкү клубда 39 адамды атып салып, 69 адамды жарадар кылган террорчуга окшоштурушуп Түркмөнстандын жаранын кармап алышып, сабап салышкан. Кийин ал адам террорчу эмес экени аныкталганы менен байкуш туристти Түркиядан депортация кылууга туура келген. Бул тууралуу Dogan агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Пендик районунун тургундары Түркмөнстандын К.М. аттуу жаранын террорчуга окшоштуруп сабап салышат. Кийин полиция анын террорчу эмес экенин аныктаганы менен визасынын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтосуз депортация кылышат.

Учурда террорчу изделүүдө.Измирде эле террорго шектелип 40 адам кармалган. Мындан мурда террорчу уйгур болушу мүмкүн деген маалымат тараган. Haberturk гезитинин жазганына караганда ал
Түркияга үй бүлөсү менен кошо жасалма документ менен келген. Ал эми Hurriyet гезити Стамбулдагы террорго шектелип Измирде кармалган 40 адамдын ичинде Орто Азиянын жана Дагестандын жарандары бар экендигин жазды.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу