Дүйнө

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
04/01 16:27
 

Түркиянын тышкы иштер министри: “Түнкү клубга куралчан кол салган террорчунун ким экендиги белгилүү болду”

Түркиянын тышкы иштер министри: “Түнкү клубга куралчан кол салган террорчунун ким экендиги белгилүү болду”

Бишкек, 4-январь /Кабар/. «Анадолу» агенттигиндеги тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жаңы жыл түнүндө Стамбулдагы түнкү клубга куралчан кол салган террорчунун ким экендиги белгилүү болгондугун айтты.

“Reina” түнкү клубуна куралчан кол салган террорчунун ким экендиги белгилүү болду. Кылмышкерди кармоо операциясы улантылууда”,-деди Мевлют Чавушоглу.

«Рейна» түнкү клубундагы теракт 2017-жылдын 31-декабрынан 1-январга караган түнү болгон. Натыйжада 39 адам каза таап, 70 тей адам жаракат алган. Кылмышкер жашырынып кеткен.

Расмий маалыматтарга караганда, түрк полициясы Кыргызстандын жараны Яхъе Машраповду кылмышердин сүрөтүнө окшоштуруп кармаган. Бирок теракт учурунда ал Түркияда болбогондуктан коё берген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу