Дүйнө

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
04/01 10:17
 

Түркияда киргизилген өзгөчө кырдаал режими дагы 3 айга узартылды

Түркияда киргизилген өзгөчө кырдаал режими дагы 3 айга узартылды

Бишкек, 4-январь /Кабар/. 2016-жылы июлда төңкөрүш аракетинен соң Түркияда киргизилген өзгөчө кырдаал режими өлкөнүн парламентинин чечими менен дагы 3 айга узартылды, деп билдирди Anadolu агенттиги.

16-июлда Түркияда аскер төңкөрүшү болуп, бирок ишке ашпай калган. 240 түрк жараны каза болуп, 2 миң адам жаракат алган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине оппозициялык ислам динаятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөп, аны экстрадициялоого АКШдан талап кылган. Гүлен өзү төңкөрүшкө катыштыгы жок экенин айтып келет. Төңкөрүш аракетине Гүлендин уюмун күнөөлөгөн бийлик 32 миң адамды камакка алып, 100 миңге жакын адамды иштен четтеткен.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу