Дүйнө

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/12 15:21
 

Израилдин коргоо министри Францияда жашаган жөөттөрдү бул өлкөдөн кетүүгө чакырды

Израилдин коргоо министри Францияда жашаган жөөттөрдү бул өлкөдөн кетүүгө чакырды

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман Францияда жашаган жөөттөрдү бул өлкөдөн кетүүгө чакырды. Ал өзүнүн чакырыгын Парижде жакында өтө турган Жакынкы Чыгыш тынчтык жыйынынын алдында айтты, деп маалымдады The Jerusalem Post.

“Франциядагы жөөттөргө “бул силердин өлкө эмес, бул жер силердин жериңер эмес, кетүүгө убакыт келди”,-деди министр.
Либерман жыйынды “Израилге каршы трибунал” деп атап, ал өлкөгө зыян алып келет, өлкөнүн атын булгайт деди.

Январда Парижде көп тараптуу форум өтөт, ал форум уюштуруучулардын пикиринде палестина-израилдик мамилени жакшыртууга негиз болот. Ага карабай Израиль ал жыйынга катышуудан баш тартып, Францияны жыйынды токтотуга чакырды.

Тышкы басымдан жана өздөрүнө пайдасыз тынчтык шарттары таңууланат деп кооптонуп, Израил Палестина менен түз сүйлөшүүнү талап кылууда. Ал эми Палестина эл аралык жыйын өткөрүүнү колдоодо. Палестиналыктардын айтымында, эки тараптуу формат өзүн актабай калды, анткени израилдыктар менен сүйлөшүү жүргүзүү тең укуктуу болбой келет.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу