Дүйнө

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
20/12 18:04
 

Немец полициясы Берлиндин борборундагы жармаңкеде болгон кайгылуу окуяны террордук акт деп атады

Немец полициясы Берлиндин борборундагы жармаңкеде болгон кайгылуу окуяны террордук акт деп атады

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Германиянын ИИМи Берлиндин борборундагы жаңы жылдык жармаңкеде болгон кайгылуу окуяны террордук акт деп атады, деп билдирди бүгүн шейшембиде Франс Пресс агенттиги.

Дүйшөмбүдө кечинде белгисиз жүк тартуучу машина Берлиндин борборундагы рождестволук жармаңкеде элди тебелеп кеткен. Андан жок дегенде 12 адам каза таап, 48 адам жаракат алган. Кылмышка шектүү адам кармалган, ал 23 жаштагы Пакистандан келген качкын болуп чыкты. Учурда кылмышка шектүү адам Карлсруэде кармалууда. Анын иши Германия Федеративдүү Республикасынын Башкы прокуратурасынын кароосунда турат.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу