Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/12 10:29
 

Бүгүн Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиеёвдин инаугурациясы болот

Бүгүн Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиеёвдин инаугурациясы болот

Ташкент, 14-декабрь /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиеёвдин инаугурациясы бүгүн, 14-декабрда өтөт. Бул тууралуу кечээ республиканын Сенатынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам чыгаруу палатасы жана Олий Мажлисинин Сенаты бүгүн бирдиктүү жыйын өткөрөт. Анда Шавкат Мирзиеёв Өзбекстан элине берилгендигине салтанаттуу ант берип, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломовдун колунан тиешелүү күбөлүгүн алат.

Шавкат Мирзиеёв 4-декабрда шайлоочулардын 88,16% добушун алып, президенттик шайлоодо жеңип чыккан.
Депутаттар жана сенаторлор Абдулла Ариповдун Өзбекстандын премьер-министри кызматына талапкерлигин карашат. Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы фракциясы 12-декабрда А.Ариповдун премьер-министрлик кызматка талапкерлигин президенттин кароосуна коюу чечимин кабыл алган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу