Дүйнө

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 10:31
 

Тажикистан 2020-жылдан тарта 12 жылдык окуу системасына өтмөкчү

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Тажикистан өкмөтү Билим берүү жана илим министрлигинин өтүнүчү боюнча, 2016-жылы аякташы керек болгон 12 жылдык окуу системасынын мөөнөтүн экономикалык кризистен жана мектептердин жетишсиздигинен улам 2020-жылга чейин калтырылат деп жарыялады.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү акырындык менен 2032-жылга чейин созулат.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүү жана өнүктүрүү институтунун академиясынын директору Щарифмурод Ысрофилиен бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: “Өлкөбүздө 12 жылдык окуу системасына өтүү президентибиз тарабынан 2010-жылдын башында сунушталып, парламент тарабынан кабыл алынган эле. Бирок, финансынын жетишсиздигинен улам бул реформаны жылдырууга аргасыз болдук”.

12 жылдык билим алуу студенттердин университетке кирүүсүнө даярдык көрүүгө жана ошондой эле, бир кесиптин ээси болуу мүмкүнчүлүгүн да түзүп бермекчи. Мисалга алсак, эркек балдар жүк ташуучу жана трактор айдоочулук документин ала алышат, ал эми кыздар тигүүчүлүк жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча кесипке ээ боло алышмакчы.

2020-2021 окуу жылынан баштап балдар 6 жашынан окууга алына баштайт. Жылдын биринчи жарым жылдыгында мектепке чейинки билим алышат, экинчи жарымында мектеп окуусуна өтүшмөкчү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу