Дүйнө

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
09/12 10:35
 

ЖМК: Трамп президенттик кызматына карабастан ТВда реалити-шоунун продюсери болот

ЖМК: Трамп президенттик кызматына карабастан ТВда реалити-шоунун продюсери болот

Бишкек, 9-декабрь /Кабар/. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп The Celebrity Apprentice реалити-шоунун аткаруучу продюсери болот. Шоу 2 жылдык эс алуудан кийин 2-январда Арнольд Шварценеггердин алып баруусунда NBC каналында башталат, деп билдирди Variety басылмасы.

2004-жылы Трамп NBC каналында “Ученик” реалити-шоусунун аткаруучу продюсери жана алып баруучусу болгон. Программа жогорку рейтинге ээ болуп, 3 мертебе Emmy сыйлыгын алган. Миллиарддер бир нече жыл боюу The Celebrity Apprentice шоусун да алып барган.

Трамптын ысмы экранда программанын автору Марк Бёрнеттен кийин эле жазылат, андан соң титрге шоунун дагы бир аткаруучу продюсери Арнольд Шварценеггердин ысмы чыгат, деп жазат басылма.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу