Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/12 18:09
 

Сирияда россия армиясынын полковниги каза болду

Бишкек, 7-декабрь /Кабар/. Россиялык аскер кеңешчи полковник Руслан Галицкий Алеппонун турак кварталдарынын биринде «оппозиция» деп аталган согушкерлердин огунан алган жаратынан улам каза болду деп билдирди Коргоо министрлиги.
Ведомстводон билдиргендей, аскер медиктер бир нече күн офицердин өмүрүн сактап калууга аракет кылышканы менен аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Коргоо министрлиги Галицкий Сирияда милдеттерди аткарган кеңешчилер тобуна киргенин белгиледи. Ага өлгөндөн кийин мамлекеттик жогорку сыйлык берилди.

Дүйшөмбүдө согушкерлер россиянын мобилдик госпиталына карата ок атканы белгилүү болду. Натыйжада 2 аскер медик каза болуп, дагы бир врач оор жаракат алды. Ошондой эле, кабыл алууга келген жай тургундар жабыркады.

Коргоо министрлиги госпиталга карата соккуну пландаштырган адам өлтүрүү деп атап, ага жоопкерчиликти “оппозиция” жана анын Батыштагы жактоочулары аларын билдирди.

Булак: Риа Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу