Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/12 17:49
 

Өзбекстан дүйнөнүн 15 өлкөсү үчүн виза режимин жокко чыгарат

Ташкент, 7-декабрь /Кабар/. Өзбекстан 2017-жылдын 15-апрелинен тартып дүйнөнүн 15 өлкөсү үчүн виза режимин жокко чыгарат. Бул тууралуу 2-декабрда республиканын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеев жарлыкка кол койгонун Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги маалымдады.
Негизги максат – визалык процедураларды жөнөкөйлөтүү жана чет өлкө жарандарынын Өзбекстанга киришине оңтойлуу шарттарды түзүү.

Жарлыкка ылайык 2017-жылдын 1-апрелинен тартып Өзбекстанга туристтик максатта 30 күндөн ашык мөөнөткө келген Австралиянын, Австриянын, Улуу Британиянын, Германиянын, Даниянын, Испаниянын, Италиянын, Канаданын, Люксембургдун, Нидерландардын, Корея Республикасынын, Сингапурдун, Финляндиянын, Швейцариянын жана Япониянын жарандарына виза режими жокко чыгарылат.

Мындан тышкары 55 жашка жеткен жана Өзбекстанга туристтик максатта 30 күндөн ашпаган мөөнөткө келген Бельгия Королдугунун, Индонезиянын, КЭРдин (туристтик топтун курамында), Малайзиянын, АКШнын, Франциянын, Вьетнамдын, Израилдин, Польшанын, Венгриянын, Португалиянын жана Чехиянын жарандары үчүн визасыз режим киргизилет.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу