Дүйнө

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
05/12 10:42
 

Өзбекстандын президентин шайлоого жалпы катталган жарандардын 87,83%ы добуш беришти

Өзбекстандын президентин шайлоого жалпы катталган жарандардын 87,83%ы добуш беришти

Ташкент, 5-декабрь /Кабар/. Өзбекстандын президентин шайлоого Ташкент убактысы боюнча 20:00дө жалпы өлкөдө бардык катталган шайлоочулардын 17 млн 941миң 955 же 87,83% добуш беришти, деди жыйынтык брифингде БШКнын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов.

Анын айтымында, шайлоо Өзбекстандын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган ачыктык, эркиндик жана акыйкаттык принциптерине ылайык өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 5-декабрда түштөн кийин жарыяланат. Ал эми шайлоонун толук жыйынтыгы БШК тарабынан 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен басма сөзгө жарыяланат.

Шайлоодо 4 талапкер – либералдык-демократиялык партиядан президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев, «Миллий тикланиш» элдик-демократиялык партиядан Сарвар Отамуратов жана «Адолат»социал-демократиялык партиядан Наримон Умаров ат салышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу