Дүйнө

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 11:12
 

Фидель Кастро менен коштошуу зыйнатына 25 тен ашык дүйнөлүк лидерлер келишет

 Фидель Кастро менен коштошуу зыйнатына 25 тен ашык дүйнөлүк лидерлер келишет

Бишкек, 29-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, шейшембиде Куба революциясынын лидери Фидель Кастро менен коштошуу зыйнатына 25 ашык дүйнөлүк лидерлер келишет, деп билдирди Кубанын ТИМи.

Алардын арасында Латын Америка жанан Африка өлкөлөрүнүн 15 президенти бар . Атап айтканда, Венесуэланын, Боливиянын, Эквадордун, Никарагуанын, Колумбиянын, Панаманын, Мексиканын, Түштүк Африка Республикасынын, Экваториалдык Гвинейдин, Зимбабвенин, Намибиянын, Кабо-Верденин ж.б. президенттери келишет.

Кариб мамлекеттеринен 7 премьер-министр келмекчи. Ал эми Европа өлкөлөрүнөн премьер-министр Алексис Ципрас гана катышмакчы. Россиядан Мамдуманын спикери Вячеслав Володин жетекчилик кылган делегация келгени жатат.

Коштошуу зыйнаты Хосе Марти атындагы Революция аянтында кечээ дүйшөмбү күнү башталып, 21 мертебе артиллериядан ок атылып, өлкөнүн бардык желектери түшүрүлгөн. Сөөктү Сантьяго-де-Куба шаарына 4-декабрда коюу пландалууда.

Фидель Кастро 90 жашында өткөн аптанын жума күнү көз жумган.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу