Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/11 12:14
 

Каримовдордун үй-бүлөсүнө жакындардын бири Гүлнара Каримова тирүү экендигин билдирди

Каримовдордун үй-бүлөсүнө жакындардын бири Гүлнара Каримова тирүү экендигин билдирди

Бишкек, 23-ноябрь /Кабар/. Өзбекстандын 1-президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова тирүү, деп билдирди РИА Новости шейшембиде Каримовдордун үй-бүлөсүнө жакындардын биринин айтканына таянып.

Мындан мурда ЖМКлар Өзбекстандын атайын кызматына шилтеме кылышып, 5-ноябрда Гүлнара Каримова ууланып өлгөндүгүн, анын сөөгү ошол эле күнү Ташкенттеги “Минор” көрүстөнүнө коюлгандыгын жазышкан.

"Гүлнара Каримова тирүү, анын өлгөндүгү тууралуу маалымат жалган”-деп айткан Каримовдордун үй-бүлөсүнө жакындардын бири агенттикке. Ал окуянын чоо-жайын жана Г.Каримованын учурда кайда экенин толук айткан эмес.

Быйыл 2-сентябрда 78 жаш курагында Өзбекстандын 1-президенти Ислам Карим инсульттан каза болгон. Премьер-министр Шавкат Мирзиеев өлкөнүн убактылуу башчылыгына дайындалган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу