Дүйнө

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
22/11 11:33
 

Кыргызстандын, КМШнын жана Евросоюздун мамлекеттеринин банкоматтары эл аралык хакерлердин чабуулуна кабылды

Кыргызстандын, КМШнын жана Евросоюздун мамлекеттеринин банкоматтары эл аралык хакерлердин чабуулуна кабылды

Бишкек, 22- ноябрь /Кабар/. Эл аралык кылмышкерлердин тобу 10 дон ашык мамлекеттердин банкоматтарына киберчабуул коюшту. Алардын ичинде Россия, КМШнын жана Евросоюздун мамлекеттери бар. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Group-IB киберкылмыштарды жана алдамчылыктарды алдын алуу жана иликтөө эл аралык компаниясына шилтеме кылып Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Россиянын, Армениянын, Белоруссиянын, Кыргызстандын, Грузиянын, Молдавиянын, Румыниянын, Улуу Британиянын, Нидерланддардын жана Испаниянын банкоматтары киберчабуулга кабылган. Чыгым тарткан банктар жана жоготуулар тууралуу маалыматтар айтылбаган.

Киберчабуулдун мааниси мында – атайын программалык камсыздоо менен кылмышкерлер банкоматтарды накталай акчаларды чыгарып берүүсүн талап кылышат. Мындай киберчабуулдар мындан мурда да болгон, бирок мынчалык кеңири аймакты камтыган эмес.

Булак: ИТАР-ТАСС

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу