Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/11 18:33
 

Ирандын аймагынан 2 тоннага жакын жарылуучу заттар табылды

Ирандын аймагынан 2 тоннага жакын жарылуучу заттар табылды

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Ирандын аймагынан 2 тоннага жакын жарылуучу заттар табылды, деп билдирди IRNA агенттиги өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана чалгындоо министрлигине шилтеме кылып.

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, ал жарылуучу заттарды колдонуп террорчулар өлкөнүн аймагынын жок дегенде 10 объекттисине чабуул коюуну пландаган.

IRNA агенттигинин маалыматына караганда, жарылуучу заттарды издеп табуу жана теракттарды алдын алуу боюнча операциялар кимдир бирөөлөрдүн телефон чалуусунан кийин ишке ашырылган. Жарылуучу заттар кайсы күнү табылгандыгы так айтылган эмес.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу