Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/11 10:17
 

АКШда адамдын денесин тирүүлөй чиритип жиберген зомби оорусу катталды

АКШда адамдын денесин тирүүлөй чиритип жиберген зомби оорусу катталды

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. АКШда денени чиритип жиберген зомби оорусу катталды. Алдын-ала маалыматтарга караганда, бул оору Америкага Ирактан жана Ооганстандан келген. Бул тууралуу НТВ телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, инфекцияны алып жүрүүчүлөр болуп Ирактан, Ооганстандан келген аскер кызматкерлери жана Борбордук, Түштүк Америкадан келген экотуристтер болуп саналышат.

“Бул оору денеде жараларды пайда кылат жана чиритип өлүмгө алып келет. Андыктан ага өз убагында диагноз коюу жана ага каршы күрөшү өтө маанилүү”,-дейт Бетесда шаарчасындагы аскер-медициналык университеттин окумуштуусу Наоми Аронсон.

Бул оору денени чиритип, бөлөк-салак кылып коёт, дешет окумуштуулар. Мындан мурда ЖМКларда “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары басып алган Сириянын аймактарында тургундар арасында коркунучтуу оору тарап жатканы маалымдалган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу