Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/11 15:47
 

ГФРде исламчыларга каршы масштабдуу атайын операциялар жүрүүдө

ГФРде исламчыларга каршы масштабдуу атайын операциялар жүрүүдө

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Германия Федеративдүү Республикасында (ГФР) “Ислам мамлекети” уюмун колдойт деп божомолдонгондорго каршы масштабдуу атайын операциялар өтүүдө.

Иш-чара бүгүн 15-ноябрда саат 6.30 да 10 федералдык жерлерде башталды. Түшкө чейин эле “Чыныгы дин” (("Die wahre Religion") деп аталган негизинен немец шаарларына массалык түрдө Куранды тараткан радикалдык салафит тобуна тиешелүү 200дөн ашык битирлер, кеңселер тинтүүгө алынды.

Операциянын негизги бөлүгү өлкөнүн батышында жана Берлинде өтүүдө. Гессенде - 65, Франкфурт-на-Майнеде - 15, Түндүк Рейнде – Вестфалияда жана Баварияда - 35, Түндүк Саксонияда - 20, Баден-Вюртембергде - 15, Шлезвиг - Гольштейнде, Рейнланд-Пфальц жана Гамбургда -5тен, Бременде -1 объект тинтүүгө алынды.

Dpa агенттигинин маалыматына караганда, ГФР Ички иште министри Томас де Мезьер (Thomas de Maiziere) “Чыныгы дин” бирикмесинин ишин жабууну, анын ГФРдин шаарларында өткөрүп жаткан “Оку” акциясына тыюу салууга ниеттенүүдө. ГФР бийлиги мындай иш-чаралар ГФР конституциясына каршы келет жана элдерди бузуп-жарат деп эсептөөдө.

Булак: Deutsche Welle

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу