Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/11 10:35
 

Трамптын президенттик кызматтагы айлыгы 1 долларды түзөт

Трамптын президенттик кызматтагы айлыгы 1 долларды түзөт

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп айлык акыдан баш тартарын ырастады.
CBS телеканалынын “60 мүнөт” программасында Д.Трамптан президенттик кызматта айлык аласызбы деп сурашты.
“Менин жообум – жок. Мыйзам боюнча мен (эң эле кеминде) 1 доллар алышым керек, ошондуктан 1 доллар алам”,-деди Трамп.

АКШнын президентинин айлыгы жылына 400 миң долларды түзөт, ошондой эле америкалык лидер жылына жеке чыгымдарына 50 миң доллар ала алат, андан тышкары ага иш сапарларына 100 миң доллар жана эс алууга 19 миң доллар төлөө каралган.

Трамптын саясатка келгенине 1 гана жыл болду, ал буга чейин ийгиликтүү ишкер катары таанымал болгон. Forbes журналынын баасы боюнча анын байлыгы 3,7 миллиард долларды түзөт.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу