Дүйнө

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
10/11 10:45
 

Нью-Йоркто бир нече миңдеген адам Трампка каршы көчөгө чыгышты

Нью-Йоркто бир нече миңдеген адам Трампка каршы көчөгө чыгышты

Бишкек, 10-ноября /Кабар/. Дональд Трамптын президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгына байланыштуу каршылык акциясына катышкандардын саны Нью-Йоркто бир нече миңге көбөйдү, деп билдирди Рейтер агенттиги.

Демонстранттар Манхеттендин борбордук аянтына чыгышып, андан ары Трамп жашаган Trump Tower асман тиреген имаратты көздөй жөнөштү. Демонстранттардын бири Трамптын президент болушу менен расисттик реакция, сексизм, адамдардын өлкөдөн депорттолушу күчөп кетишинен чоочулап жатканын CNN телеканалына билдирди.

Ушундай эле акциялар кечээ кечинде Чикаго, Вашингтон, Филадельфия, Бостон, Сиэтл, Портленд, Орегон, Остин шаарларында болуп өткөн.
Трамп 8-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоодо Клинтонду жеңген.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу