Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/11 17:38
 

Түркиянын Диярбакырындагы жарылуудан 8 адам өлдү

Бишкек, 4-ноябрь /Кабар/. Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында мина коюлган автомобилдин жарылуусунан 8 адам өлдү, алардын экөө полиция кызматкерлери деп билдирди премьер-министр Бинали Йылдырым жума күнү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Андан мурда Диярбакырдын губернатору саат 08:00дө калк жыш жайгашкан Баглар борбордук районунда полиция башкармалыгынын имаратынын жанында Түркияда тыюу салынган Күрдстан Жумушчу партиясынын мүчөсү мина коюлган машинаны колдонуп теракт жасаганын маалымдаган.

“Диярбакырдагы теракттан улам биздин 8 жаран, анын ичинен 2 полиция өлдү. Ошондой эле, 1 террорчу өлдү. 100дөн ашык адам жараланды, алардын 93 ооруканага жаткырылды”,-деди Йылдырым Анкарада журналисттерге.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу