Дүйнө

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/11 11:01
 

Стивен Сигал орус жарандыгын алды

Стивен Сигал орус жарандыгын алды

Бишкек, 4-ноябрь /Кабар/. Россиянын Президенти Владимир Путин америкалык актер жана продюсер Стивен Сигалды Россиянын жарандыгына алуу тууралуу указга кол койду.

«1952-жылы АКШда төрөлгөн Сигал Стивен Фредерик Россия Федерациясынын жарандыгына алынсын”, –деп жазылган Кремлдин сайтында жарыяланган указда. Орус Президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Сигал жарандыкты алуу үчүн “узак убакыт боюу” өтүнүп келген.

Сигал Россияга бир нече мертебе келген жана бай орус маданияты жаккандыгын дайыма айтып жүрчү. Быйыл сентярда Түштүк-Сахалиндеги “Дүйнө түпкүрүндө” (“Край света”) аттуу кинофестивалга келгенде да орус жарандыгын аларын журналисттерге маалымдаган.

Сигал ошондой эле чоң атасы Россиянын кайсы бир аймагында төрөлгөнүн, кийин 20-кылымдын 1-жарым жылдыгында АКШга көчүп келгенин айткан. Ал ата-тегин издеп Калмакстанда, Тувада жана Якутияда болгон.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу