Дүйнө

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
03/11 11:03
 

Легендарлуу цирк артисти Олег Попов көз жумду

Легендарлуу цирк артисти Олег Попов көз жумду

Бишкек, 3-ноябрь /Кабар/. Легендарлуу цирк артисти Олег Попов шаршембиде кечинде Германиядан Ростов-на-Донго гастролго келгенде жүрөгү токтоп көз жумду.

Попов 1930-жылы 31-июлда Москвада төрөлгөн. Ал публикага “Күнөстүү клоун” образында таанылган. 1991-жылдан тартып Германияда жашаган. 2015-жылдан тартып Россияга гастролго келип турган.
“Ростовдо гастролдо жүрүп Олег Попов каза болду”,-деп билдирди РИА Новостиге Москва Чоң циркинин директору Эдгард Запашный.

“Анын жүрөгү токтоп калды, ал эчтеме деп деле айткан эмес, жөн гана телевизор тиктеп олтурган. Тез жардам чакырдык, врачтар келип өлүп калганын айтышты”,-деди Ростов циркинин директору .

Росмамцирки Поповдун сөөгүн кайда коюу керектигин анын Германиядагы кызы менен сүйлөшүп жатышканын маалымдады. Ошондой эле, Запашный Попов Россиянын жараны болгондуктан, аны менен коштошууну Москва чоң циркинде уюштуруу керектигин Поповдун продюссерине сунуштаганын, ал эми атактуу артисттин аялынын сүйлөшүүгө ал-акыбалы келбегенин айтты.

Булак: РИА Новости

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу