Дүйнө

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/09 16:22
 

Адвокат Жоли менен Питтин ажырашаарын тастыктады

Адвокат Жоли менен Питтин ажырашаарын тастыктады

Бишкек, 21-сентябрь /Кабар/. Атактуу голливуддук жубайлар Анжелина Жоли менен Брэд Питт ажырашат экен деген имиш чындыкка төп келчүдөй болуп калды.

Анжелина күйөөсү менен ажырашуу чечимине келгенин анын адвокаты тастыктаганын TMZ билдирди. Мындан мурда Жоли менен Питтин ыркы келишпей калгандыгынын себеби – Брэддин “Союздаштар” фильминдеги өнөктөшү Марион Котийяр менен мамилеси экендиги айтылган.

Бирок актрисанын адвокаты балдарды тарбиялоодо жубайлардын көз караштары келишпей калгандыгын билдирди.
Жолинин өкүлү Роберт Оффер актриса балдарга опекундукту алышы керектигин, ал эми Питт балдар менен анда-мында гана көрүшүп турушу зарылдыгын суранганын маалымдады.

Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2005-жылдан бери ысык мамиледе болгон. 2006-жылы Жоли Питтен боюнда бар экендигин билдирген. 2012-жылы Жоли менен Питт баш кошушарын билдиришип, кийин 2 жылдан соң үйлөнүшкөн. Экөөнүн 6 баласы бар, алардын үчөө бакма.

Булак:Вести.ру

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу