Дүйнө

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
28/01 10:50
 

Австралияда жаңы башкы губернатор дайындалды

Бишкек, 28-январь /Кабар/. Австралиянын премьер-министри Тони Эббот шейшембиде коргоо ведомствосунун мурдагы башчысы Питер Косгроувду өлкөнүн башкы губернатору катары дайындагандыгын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости Sidney Morning Herald басылмасына таянып билдирет.

Эс алуудагы генерал Косгроув жаңы кызматында мартта ордун бошотуучу Квентин Брайсты алмаштырат. Косгроув Австралиянын 26-генерал губернатору болору айтылууда.

Австралиянын генерал-губернатору Британия Кызматташтыгынын башка мүчө-өлкөлөрүндө сыяктуу эле премьер-министр тарабынан Улуу Британиянын королевасы менен кеңешүүдөн кийин дайындалып, Австралиядагы британ монархынын өкүлү болуп саналат. Аны менен катар ар кандай расмий жана салтанаттык милдеттерди аткарат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу