Дүйнө

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
24/01 10:10
 

Украиналык оппозиция лидерлери президент менен убактылуу элдешүү тууралуу келишишти

Бишкек, 24-январь /Кабар/. Украиналык оппозиция лидерлери Виталий Кличко жана Олег Тягнибок Грушев көчөсүндө чогулгандарга президент Виктор Янукович менен убактылуу жарашуу тууралуу келишкендиктерин билдиришти. Тараптар күч колдонууну токтотот, ал эми ИИМ баш аламандыктардын жүрүшүндө кармалгандарды кое берет. Бул тууралуу РИА Новости Киевдеги Грушев көчөсүнөн түз алып көрсөтүп жаткан «Эспресо TV» телеканалына таянып билдирди.

Ошол эле учурда УНИАН агенттиги оппозиционерлердин билдирүүсүн митингчилер бир пикирде кабыл алышкан жок деп билдирди. Айрымдары каршы турууну улантууну талап кылышса, башкалары “кеңештерди угууга” чакырды. Украина президентинин кеңешчиси Анна Герман буга чейин бийлик укук коргоочуларды көзөмөлдөп жаткандыгын, бирок оппозиция “радикалдарды көзөмөлдөй аларын айтуудан баш тарткандыгын" белгилеген.

Кличконун айтымында, келишимдерге ылайык, Янукович жана ИИМ башчысы Виталий Захарченко күч аракеттерин токтотуп, бардык кармалгандар кое берилерин көпчүлүктүн алдында билдирет. Өз кезегинде митингчилер да күч колдонуудан баш тартуулары керек.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу