Дүйнө

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
22/01 17:28
 

НАТО Афганистандагы жаңы миссиясын 2015-жылы 1-январда баштайт

НАТО Афганистандагы жаңы миссиясын 2015-жылы 1-январда баштайт

Бишкек, 22-январь /Кабар/. НАТО “Чечкиндүү колдоо” деп аталган Афганистандагы жаңы аскердик миссиясын ишке ашырууга 2015-жылы 1-январдан тартып киришет. Миссия согуштук операцияларды жүргүзбөстөн, афган коопсуздук күчтөрүн даярдоо жана жардам көрсөтүү менен алектенет. Бул тууралуу НАТОнун Аскер комитетинин башчысы Кнуд Бартельс билдиргенин ИТАР-ТАСС жазат.

“НАТО учурда афган бийлиги менен “Чечкиндүү колдоо” миссиясы үчүн укуктук базаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатат”, - деди НАТОнун 28 мүчө-өлкөсүнүн башкы штабдарынын жетекчилеринин жыйынын ачкан К.Бартельс.

Альянстын Аскер комитетинин башчысынын айтымында, кеңешменин катышуучулары учурдагы Афганистандагы тынчтык операцияларын жана жаңы миссияны жайылтуу планын, алдыдагы өлкө президенттин шайлоолорго байланыштуу коопсуздук маселелерин талкуулашат.

Батыш ЖМКларынын маалыматында, НАТО Афганистанда 12 миңге чейин аскерин калтырууну пландап жатат.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу