Дүйнө

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
21/01 12:00
 

Вьетнамда 9 айдан бери куш тумоосунан биринчи жолу 1 адам көз жумду

Бишкек, 21-январь /Кабар/. Вьетнамда 9 айдан бери куш тумоосунан көз жумган 1 адам катталды. Бул тууралуу Биньфыок провинциясындагы оорукананын директорунун билдирүүсүнө таянып шейшембиде Ассошиэтед Пресс агенттиги жазды, деп билдирет РИА Новости агенттиги.

Куш тумоосун жугузуп алган адам ооруканага бараткан жолдо жан берген. Билдирүүгө караганда, оорунун белгилери безгек сыяктуу. 52 жаштагы адам 11-январда өрдөктүн этин жегенден кийин ооруй баштаган. 

Агенттиктин маалыматына караганда, ошол өрдөк сатылган айылда бир канча күндөн кийин белгисиз себеп менен бардык жөжөлөр кырылып калган.

Вьетнамда куш тумоосу өткөн жылы апрелде катталган.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу