Дүйнө

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
21/01 09:35
 

Украинанын президенти Киевдеги кырдаалды жөнгө слуу боюнча оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшөт

Украинанын президенти Киевдеги кырдаалды жөнгө слуу боюнча оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшөт

Бишкек, 21-январь /Кабар/. Украинанын президенти Виктор Янукович Киевде тополоң уюштургандар менен сүйлөшө тургандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Оппозициянын лидерлери бул сунушту кабыл алышты. Апта соңунда демонстранттар парламент имаратына кирүүнү көздөп, полиция менен кагылышкан. Бир нече адам жаракат алган.

Европа Биримдиги менен АКШ Украина бийлигин тополоңдор менен зомбулуктарды тез арада токтотуп, саясий макулдашууларга барууга чакырды. Козголоңчулар демонстрацияларга байланыштуу жаңы чыккан мыйзамга карата кыжырданышып, кадыресе эркиндикти чектеген мыйзам катары баалашууда.

Бийликтеги Януковичтин партиясы болсо, бул мыйзамдын Европа стандарттарына шайкеш келгенин айтып жатат. Ошентсе да Батыш өлкөлөрү жаңы кабыл алынган мыйзамдан кооптонушууда.

Януковичтин басма сөз борбору Улуттук Коопсуздук жана Коргонуу министри Адрий Клуев башында турган “жумушчу топ” түзүлөрүн жарыялады.

Мамлекеттик жана президенттин администрациясынын өкүлдөрү дүйшөмбү күнү абалды талкуулаш үчүн оппозиция менен жолугары белгилүү болду.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу