Дүйнө

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
16/01 18:15
 

Кыргызстандын БАЭдеги Башкы консулу Дубайда өткөн экономикалык форумга катышты

Бишкек, 16-январь /Кабар/. 14-январда Дубайда Бириккен Араб Эмиратынын (БАЭ) Экономика министрлиги тарабынан уюштурулган жогорку деңгээлдеги 1-экономикалык форум болуп өттү. Ага Кыргызстандын бул өлкөдөгү Башкы консулу да катышып, өлкөбүздүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаранын ачылышына жана ишине БАЭнин экономика министри Султан Бин Саид Аль Мансури баш болгон мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, эмираттардын 50дөн ашык компанияларынын жетекчилери жана БАЭде аккредитацияланган чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары катышты.

Бул жогорку деңгээлдеги экономикалык форумда КР БАЭдеги Башкы консулу К.Өмүралиев сөз сүйлөп, Кыргызстандын гидроэнергетика жана тоо-кен өнөр-жайы, туризм жана айыл чарбасы тармактарына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди. Анда инвесторлор үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттарга, жергиликтүү жана чет элдик компанияларга бирдей шарттын түзүлүшүнө, салыктын төмөнкү деңгээлине жана аймакта өндүрүлгөн продукциялардын өзүнө турган наркынын төмөндүгүнө басым жасалды.
Форумдун жүрүшүндө бир катар эмираттык компаниялардын жетекчилиги менен жолугушуулар болуп, жыйынтыгында алардын кызматташтык жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү үчүн Кыргызстанга келип-кетүүсү макулдашылды.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу