Дүйнө

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
16/01 11:40
 

Абанын басымы жогорулаганынан Австралияда теннис турнири токтоду

Ош, 16-январь /Асанбек Каракозуев – Кабар/. Расмий бийликтер, Австралиянын көпчүлүк аймактарында, ысык абанын басымы күчөп баратканын маалымдашты. Аделаида шаарында абанын басымы +46 градуска көтөрүлгөн. Бул аталган шаарда рекорддук көрсөткүч экени айтылууда.

Мындай аба ырайынын кесепетинен, Теннис турнири үзгүлтүккө учурады.

Мельбурн шаарында өтүп жаткан теннис боюнча Australian Open турнири аба ырайынын кескин ысып кеткенинен токтотулду. Маалыматтарда бул шаарда аба 2 эсеге ысып кеткени айтылат. Мельбурнда үчүнчү күнү катары менен 40тан 42 градуска чейин ысык болууда.

Ал арада, өлкөдө өрт коопсуздугу күч алды. Бир сутканын ичинде миңден ашуун өрт катталганын өрттү алдын алуу кызматынан билдиришкен. Бирок анын саны дагы өсүүдө. Өткөн шейшемби күнү чагылган түшкөнүнөн 250 өрт чыккан.

Белгилей кетсек, 2013-жылды Австралиянын тарыхында эң ысык жыл катары белгилешкен. 
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу