Дүйнө

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/01 09:44
 

Франциянын Президентинин жубайы күйөөсүнүн көңүлдөшү бар тууралуу сөздү уккандан кийин ооруканага жатып калды

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Франциянын президенти Франсуа Олланд өзүн актриса Жюли Гайе менен ойнош деп жазган журналды сотко бере тургандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.

Ал “Франс-пресс” агенттигине берген интервьюсунда, журналды “жеке жашоосундагы укуктарымды бузду” деп айыптады.

Кабарчылардын айтымында, Олланд ошол эле учурда актриса менен байланышы болгон болбогондугун ачык айткан жок. “Клосер” деп аталган гезит өзүнүн жума күнкү чыгарылышынын 7 барагын президент Олланд менен актриса Гайенин сүрөттөрүнө жана мамилеси тууралуу баяндарга арнаган.

41 жаштагы актриса 50дөн ашуун кино тасмага тартылган. Азыр телеканалдарда алып баруучу болуп иштейт. Франциянын маалымат каражаттары дээрлик 1 жылдан бери эле бул актрисаны Олланддын көңүлдөшү деген ушактарды таратып келатат. 

Гезиттеги “ушактардан” кийин Президент Олланддын жубайы Валери Триервейлер ооруканага жатып калды.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу