Дүйнө

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
11/01 14:30
 

Бердымухамедов түркмөн ЖМКларын жашоодон обочолонгону үчүн сындады

Бишкек, 11-январь /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов түркмөн телеканалынын, ошондой эле гезит, журналдардын ишин сындады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып РИА Новости жазат.

Мамлекет башчы жума күнкү кеңейтилген жыйында жергиликтүү журналисттерди катуу жемеге алды. Анын пикиринде, түркмөн телеканалдары “жашоодон обочолонгон”, сапаты төмөн берүүлөрдү көрсөтүп жатат. Бердымухамедов “түркмөн телеканалдарынын берүүлөрүндө режиссерлук ачык кемчиликтер көрүнүп турат” деп эсептейт.

Ал эми гезит, журналдар боюнча, мамлекет башчы “түркмөн басма сөзү мамлекеттин ийгиликтерин жетишсиз чагылдырат, ал эми жарыяланган материалдардын көркөм деңгээли абдан төмөн” деп белгиледи.

“Көпчүлүк гезит, журналдар өз авторлорунун материалдарын жарыялагандын ордуна борбордук (өкмөттүк) гезиттердин материалдарын көчүрүп басышат”, - деди Бердымухамедов.

Түркмөнстанда мамлекеттик эмес теле жана радио каналдар жок. Басма сөздүн басымдуу көпчүлүгү да мамлекет тарабынан чыгарылат. Жалгыз мамлекеттик эмес гезит “Рысгал” 2010-жылы Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги тарабынан басылып баштаган.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу