Дүйнө

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
11/01 10:00
 

Планетанын калкынын саны 1-январга карата 7 млрд 137 млн адамды түздү

Бишкек, 11-январь /Кабар/. 2014-жылдын 1-январына карата планетанын калкынын саны 7 млрд 137 млн 577 миң 750 адамды түздү. Мындай божомолду АКШнын каттоо Бюросу чыгарган. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС жазат.

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл көбөйүү 77 млн 630 миң 563 адамды же 1,1%ды түзөт. Бул мезгилде калктын кыйла көбөйүшүн 15,6 млн адам менен Индия камсыздады.

Ал Кытай, Нигерия, Пакистан жана Эфиопияны кууп жетти.

2012-жылы 7 млрд чегине жеткен. Ал эми 2025-жылы планетанын калкынын 8 млрд адамга жетүүсү күтүлүүдө. 

АКШда болсо, адистердин болжолунда 1-январга карата өлкө калкынын саны 317 млн 297 миң 938 адамга көбөйөт. Бул өткөн жаңы жылга салыштырмалуу 2 млн 218 миң 622 адамга көп. Көбөйүү 0,7%ды түзөт.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу