Дүйнө

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
10/01 14:53
 

1897-жылдагы 10 рубль алтын тыйыны АКШда 300 миң долларга сатылды

Бишкек, 10-январь /Кабар/. 1897-жылдагы Николай II сүрөтү түшүрүлгөн 10 рублдык алтын тыйын Нью-Йоркто аукционго коюлуп 300 миң долларга сатылды, деп билдирди РИА Новости агенттиги.

Мурда эч табылбаган сейрек кездешүүчү алтын тыйындын баштапкы баасы 100 миң долларды түздү.

Нью-Йорктогу эл аралык нумизматика съезддинин алкагында New-York sale аукционунда АКШдагы россиялык тыйындар жана сыйлыктар коюлду. Алардын ичинен Романов династиясынын 300 жылдыгына арналып жасалган 316,45 граммды түзгөн, сейрек кездешүүсү алтын медалы 270 миң долларга сатылды.  

Баштапкы баасы 25 миң долларга бааланган 1916-жылы Санкт-Петербургда колодон жасалган 5 тыйындык үлгүдөгү тыйын 60 миң долларга сатылды.

Жылда өтүүчү көргөзмөнүнү өкүлү, уюштуруучусу жана нумизматик, коллекционер Дмитрий Марковдун РИА Новостиге берген маалыматы боюнча, аукциондон түшкөн каражаттын 90%ы Россияга жиберилет.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу