Дүйнө

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
29/06 12:30
 

Россияда эл аралык издөөдө жүргөн 2 кыргызстандык жаран кармалган

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Россияда эл аралык издөөдө жүргөн жана өлгөн деп табылган 2 кыргызстандык жаран кармалды. Бул туурасында Россия ИИМ Кемеров областы боюнча башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.
Ведомство маалыматына ылайык, кыргызстандыктар киши өлтүрүүгө шектелген жана кечээ Интерпол кызматкерлери тарабынан Кемеров областында кармалган.

Маалымдалгандай, ИИМ тарабынан Кузбасска келген чет элдиктерди текшерүү учурунда эл аралык издөө жарыяланган Кыргыз Республикасынын 2 жараны аныкталган. «Издөөнүн демилгечиси болуп, Казакстан укук коргоо органдары чыккан. Ал адамдар 2008-жылы Чыгыш-Казкстан облусунда киши өлтүрүүгө айыпталган. Кылмышкерлер көп убактан бери издөөдө жүргөн, бирок 2009-жылы издөө токтотулуп, алар каза болгон деп табылган», - деп билдиришет ведомстводон.

Россиялык укук коргоо орган кызматкерлеринин маалыматына жараша Казакстанда айыпталгандарды издөө кайрадан жандандырылган.
Учурда аларды Казкстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу