Дүйнө

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/04 16:42
 

Казакстандын Президенти дүйнөлүк ММКны Борбордук Азиядагы кырдаалды курчутпоого чакырды

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Астанада өтүп жаткан Евразиялык медиафорумда дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарын Борбордук Азиядагы кырдаалды курчутпоого чакыргандыгын КАЗИНФОРМ билдирди.

«Жалпысынан эксперттик журналисттик коомчулукту кырдаалды жана Борбор Азиядагы маселелерди калыс жана объективдүү баалоого чакыргым келет. Кимдир-бирөөлөр Афганистандан коалициялык күчтөр кеткен соң Борбордук Азияда бейпилсиздик орношун, кырдаалды курчутууну аябай каалашат. Тарыхта мындай болгон. Эң негизгиси, Борбордук Азияда эмне менен алектенүү – бул ички, айрым мамлекеттер тарабынан чек аралардын чечилбей, кол коюлбагандыгы, трансчекаралык дарыяларды пайдалануу, интенсивдүү соода жүргүзү, биргелешкен коопсуздук маселелери тынчсызданууну жаратууда. Биз ушул жагдайларга көңүл бурушубуз керек», - деди Н.Назарбаев.

«Мен жеке өзүм биздин аймактын, борборазиялык мамлекеттердин ушундай биригишине салым кошкон мамлекет менен саясатчыга ыраазы болом», - деп кошумчалады Президент.
Анын айтуусунда, «аймакка жыйырма жылдан ашык мезгилдин аралыгында болуп өткөн олуттуу өзгөрүүлөрдү эске албай, эскирген лампалуу телевизордун чагылуусу аркылуу «так эмес экрандан» караган адаттан арылуу керек».

«Ооба, бул жерде 5 мамлекет бар, өзүңөр билгендей, эгемендүүлүк алгандан кийин алардын өнүгүү жолу ар кандай болду. Бирөөсү туңгуюкка түштү, башкасы – ишенимдүү өнүгүүгө. Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөр – алар өтө кедей, бул башында эле, ал тургай советтик режимде эле ошондой болгон. Ошондуктан азыр бул өлкөлөр колдоого жана экономиканы көтөрүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө, өз жарандарынын жыргалчылыгын камсыз кылууга муктаж болууда. Мына ойлоно турган негизги темалар», - деп сөзүн жыйынтыктады Н.Назарбаев. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу