Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
15/05 18:05
 

Нарындык ардагер Москвадан кайтып келди

 Нарын, 15-май /Күмөндөр Усуптегин - Кабар/. Өкмөттүн облустагы ыйгарым өкүлү Аманбай Кайыпов 9-май күнү Москва шаарындагы Улуу Жеңиштин 70 жылдык аскер парадына барып катышып келген ардагер Асек Усубалиевди жашаган айылына барып куттуктады. Нарын районунун Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы орто мектепте окуучулардын жана айыл тургундарынын катышуусунда өткөрүлгөн тосуп алуу салтанатында 90 жашка келген ардактуу карыя Асек ата барып келгендеги окуяларын кеңири баяндап берди.

-Бизди Бишкектен Президент Алмаз Атамбаев өзү кабыл алып, сыйлады. Анан баарыбызга бирдей кийим, байпак, ботинкадан бери окшош кийгизип жөнөттү. Москвадан баары эле ак калпактарыбызга кызыгышып, суроо берип да жатышты, сүрөткө да түшүп жатышты. Айтор, парад укмуш өттү. Айрыкча биздин солдаттар бир кишидей басып өткөндө сүйүндүк. Орустар болсо бизди коргогонсуңар дешип гүл бере берип, кучагыма толуп кеткенде кызым Чолпонго берип жаттым. Эми айланайындар согуш деген болбосун,- деген каалоо тилегин айтты Асек ата.

Өкүл А.Кайыпов ардагерге «куттуктоо тактаны» тапшырып 3 миң сом ыроолоду. Район акими Түгөлбай Жанбоев КСДПнын жана ЖК депутаты Бакыт Шаршеевдин атынан жалпысы 10 миң сом, Нарын шаардык Кеңешинин депутаты Улан Жаанбаев ЖК депутаттары Алмаз Баатырбековдун, Шаршенбек Абдыкеримовдун жана шаардык Кеңештин атынан 5 миң сом берди. Ал эми Асек атаны облустун ардагерлеринин атынан облустук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Кайып Калназаров да куттуктады. Тосуп алуу азем окуучулардын чакан концерти менен коштолду.

Асек ата Усубалиев Москва шаарындагы парадка катышууга Нарын облусунан жалгыз барган ардагер.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу