Улуу жеңиш

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
14/05 18:27
 

Жалал-Абадда «Тукубай Баатыр» аттуу спектакли көрүүчүлөргө тартууланды

 Жалал-Абад, 14-май /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата облустук Барпы кыргыз драма театры жазуучу Ооганбек Станбековдун «Тукубай Баатыр» спектаклин көрүүчүлөргө тартуулашты.

Театрдан “Кабар” агенттигине билдиришкенине караганда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин театралдык атайын комиссиясы «Тукубай Баатыр» спектаклин көрүп чыгышып кабыл алышкан. Жалал-Абад шаардык мэриясы аталган драманы сахнага алып чыгуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 120 миң сом бөлүп беришкен.

Спектаклде Жалал-Абад шаарына чектеш Сузак районунун Кулбай уулу айылында төрөлүп, Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен кетип, душмандар менен болгон салгылашууда баатырларча курман болгон Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараев жөнүндө баяндалат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу