Улуу жеңиш

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/05 12:41
 

Москвада Аскер парадына катышкан согуш ардагерлери Бишкекке кайтып келишти

Москвада Аскер парадына катышкан согуш ардагерлери  Бишкекке  кайтып келишти

 Бишкек, 12-май /Кабар/. 11-майда кыргызстандык согуш ардагерлердин 13 адамдан турган тобу Москвадан Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылдын 9-майында ардагерлер Кызыл аянттагы парадга жана мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдөн чакырылган өкүлдөр менен бирге башка салатанаттарга катышты. Ал жерде майданда бирге болгон куралдаштары менен жолугушуп, оор согуш жылдары тууралуу эскерүүлөр болду.

Биздин ардагерлерибиз Москвада 5 күн болушту. Бул тыгыз иш-чараларга толгон күндөрдө алар Жеңиштин 70 жылдык юбилейине арналган салтанаттардан тышкары маданий эс алдыруучу, таанытуучу иш-чараларга дагы катышышты.

Москва шаарындагы элчиликтин программасы боюнча ардагерлер Ленинград проспектиндеги Манастын эстелигинде болушту, Воробьев тоосуна жана ыйык-сыйынуучу тоого жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуш музейине барышты, ошондой эле Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн музейи менен таанышышты, Москва-дарыясында теплоход менен жүрүштү. Андан тышкары ардагерлерге Москвадагы кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү тарабынан салтанаттуу түшкү тамактандыруу уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду.

Аталарыбыз 6-майда Россияга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн, дарыгерлердин жана туугандарынын коштоосу менен жөнөп кетишкендигин эскерте кетели.

Москвада кыргыз делегациясын Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин кызматкерлери, ошондой эле Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу