Улуу жеңиш

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
09/05 11:32
 

104 жаштагы Жоро ата согуштун да эмгектин да баатыры болду

104 жаштагы Жоро ата согуштун да эмгектин да баатыры  болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун аксакал карысы, кылым ашуун өмүр сүрүп жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, согушта 7 кабыргасынан айрылган Социалисттик Эмгектин Баатыры Жоро Шералиев ата быйыл 104-жазын күтүп алды.
Жоро атанын балалык чагы Аксы районунун Үч-Коргон (документте Караван району, Афлатун айылы) айылында өткөн. 30 жаш курагында 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, Сталинград шаарына жөнөп кетип, согуштун кандуу тобуна 3 жолу кирген. Ал ортодо бир жолу колунан жараат алып, дарыланып айыккандан соң кайрадан согушка катышып, 7 кабыргасынан айрылган. Бул тууралуу Жоро ата төмөндөгүчө эскерет.
-Эртели кеч Ата Мекендин тынчтыгы үчүн жан үрөп урушасын, анан эле кечке жуук неместер “ой орус, орус, сен уктайсыңбы деги?”- деп биздин кыжырыбызга тийип турушчу. Негизи ал учурда эки тарап бири бирин нервден кыжырлантып турушкан. Канчалаган жоокерлер кандуу талаада жан беришти. Алардын урматына да жеңишке жетпесек болбойт эле. Мына пешенебизге Ата Мекенибиздин тынчтыгы үчүн жеңүү насип кылган экен жеңип чыктык. Ал эми согуш учурунда эч нерсе болбой, ок жебей, таптаза бойдон жүрө бербейт экенсиң да. Алсыңары мен дагы колумдан жараландым, кайра жакшы болдум, экинчи ирет согуштун ортосуна киргенде 7 кабыргамдан айрылдым. Бирок баары бир мекен үчүн деп жүрүп баарына чыдадым. Аркабызда үмүт менен миллиондогон элибиз карап турса, менин 7 кабыргам эмне болуп калыптыр. Сан миңдеген жоокерлер өлбөдүбү,-деп эскерет Жоро ата.
Мекен үчүн баарына кайыл болгон Жоро ата 7 кабыргасы жоктугун үй-бүлөсү, дос-тууганы, жакындарынан 37 жыл жашырып келген. “Мен согуштан жараланганмын” деп догурунбаган ата эч качан көкүрөк кагып, бирөөдөн өйдө сүйлөп, эч кимге эч кандай маселеси менен кайрылбаган. Бирок жөнөкөй адам эмес. Тарыхта орду чоң, кадырлуу инсан. Тээ союздун тушунда мыкты чарбакер катары жүгөрүдөн ашыкча түшүм алганы үчүн эки жолу Ленин жана Октябрь революциясынын ордендери менен сыйланып 7 медал тагынган. Согуштан келгенден соң кагыраган таштуу талаага ак пахта эгип, керегинен ашык түшүм алганы үчүн “Социалисттик Эмгектин Баатыры” наамына ээ болгон. Эң обочосу бул ийгиликтерин согуштан келгенден соң жаратып, ошончо эмгегинен кийин Жоро ата 70 жашында пенсияга чыккан. Пенсияга чыккандан соң да бир нече жылдар бою иштеп, талаага велосипеди менен каттап жүргөн.
Жоро ата өзүнүн бай тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп, тарбиялык жана коомдук иштерди зор жүргүзүп келген. Эмгекчилер депутаттарынын райондук депутаты болуп, айылдаштарынын арасында кадыр-баркка ээ.
Жакшы дос күтүп, татыктуу уул-кыз тарбиялаган Жоро ата 3 уул, 6 кыздын кадырлуу атасы. 42 неберенин, 60тан ашуун чеберенин, 2 кыбыранын бактылуу чоң атасы. Кыргыз элинин сыймыгы болгон ардактуу Жоро атанын ден соолугун суроо максатында барып, аксакалдын небереси менен ойноп жаткан учуруна күбө болдук. Небереси Чаткалбек окуудан бошогон убактыларын чоң атасы менен өткөрөөрүн, ал үчүн чоң атасы идеал туткан адамы экенин айтат.
-Чын эле менин чоң атам өзгөчө адам. Анткени согушка катышып, андан келгенден кийин дагы көп иштерди кылгандыгы жөнүндө мага көп айтып берет.”Көп жалкоо болбогунуң, адамды ак эмгеги агартат. Атыңды чыгаргың келсе, элиңе ак кызмат кылгын. Чынчыл болуп, көп иштегиниң, акылдуу бол”-деп ар күнү насааттарын айтып турат. Ар бир айткан сөзү мээмде гана сакталып калат.
Мектептен бошогон убактарымда чоң атамды карайм. Экөөбүз машыгабыз. Азыр чоң атамдын көзү бир аз көрбөй калгандыгына байланыштуу келип эле мурдумду карматсам дароо тааныйт. “Ананайыным, менин акылдуум, палваным келди” деп, бетимди тоссом өөп, анан көпкө чейин эркелешип отуруп калабыз. Мен чоң атамды эч качан, эч нерсеге алмашпайм. Келечекте чоң атамдай акылман, иштерман, ак пейил адам болуу менен биргеликте прокурор болсом дейм. Албетте ага чоң атамдын ак батасы менен тилеген тилектери кабыл болуп, мага түрткү берет деп ишенем,-дейт небереси Чаткалбек Жороев.
Жоро атанын учурда кулагы оорлошуп, көзү боз тартканы менен демдүү экенин байкадык. Албетте ал нерсенин баары кароодон улам болот. Кылым аша өмүр сүрүп жаткан атаны учурда келини Бактыгүл эже карайт. Анын айтымында дене терилери кайрадан жаңыланып, эти жукара баштаган. Бирок ага карабастан күндө түрлүү мазь, дарыларды коюп, массаж жолу менен денелерин өз калыбында сактоонун аракеттерин көрүп жатат.
-Атабыз биздин сыймыгыбыз. Төрүбүздүн көркү болуп турат. Убак, убагы менен башка жактарга алып барып дарылатып турабыз. Албетте ушул жашында нары- бери сүдүрөй берсең атама жеңилге турбайт. Кыйналат. Бирок ал нерселерди кылбасаң да болбойт. Атамдын балдарымды эркелетип, ак батасын берип, насааттарын айтып жатканы өзү мен үчүн чоң бакыт. Азыр атама өмүр тилеп, ден соолугуна кам көрүү менен алекпиз,-дейт келини Бактыгүл.
Балдарынан керектүү камкордугун көргөнү менен согуш очогунда кайнап, азыркы муундун жакшы жашоосун шарттап, эли үчүн эрдик жасап, ак эмгек кылган атаны эстеген бийлик төбөлдөрү жок экен. Мунусун угуп кейибей тура албайсың. Элибизде бата алуу деген кылым ашкан жакшы бир салты бар. Мына ошол салтты карманып, муну окугандан балким өз каалоолору менен Жоро атадан жетекчилер кабар алып коюшаар. Эмгеги чоң аталарыбыздын эрдигин элге жеткирип коюуну туура көрдүк. Жоро атанын кылымга тете өмүрү, жасаган эрдиктери, ак эмгеги азыркы замандын адамдары үчүн чоң таалим-тарбия.
Баарлашуубуз кызыктуу болуп, бир топко узарып кеткенин өзүбүз да байкабай калыптырбыз. Бир убакта чарчадым деген Жоро атанын сөзү менен алда канча убакыт өткөнүн сездик. Ошентип ата менен маегибиз ак батасы менен аяктады.
-Кагылайындарым, элим аман болсун! Өлкөбүздө согуш болбой, тынчтык өкүм сүрүп, гүлдөп өсө берсин! Эч качан эч бир пенде жамандык көрбөсүн. Ар бир үйдө жыргалчылыктын жарыгы жанып турсун! Карылар ынсаптуу болуп, жаштарыбызга ыйман берсин! Барчылык, байгерчилик, тынчтык, амандык, биримдик, ынтымак болсун! Жаштарыбыз ак иштеп, адал нан тапсын. Бирөөгө көз каранды болбой, жараткандан бак айтсын! Карылардын айткан акыл насаатын угуп, уулдарыбыз эр болуп, кыздарыбыз ыйбаалуу болсун!
Силердин да ишиңерди ийгилик коштоп, мартабаңар аша берсин. Жазгычыңар курч болуп, гезитиңер көтөрүлүп, бийик болсун! Барган сапарыңардан тынч кайтып, элге салымыңар көп болсун! Жалган менен мактабай, чындык менен ачкыла. Бирөөгө көз каранды болбой өз ишиңерге так болгула! Чындыктан жана иштермандыктан кайра тартпагыла, айланайындарым. Өмүрүңөр узун болсун! Жаратканым силерге жар болуп, колдосун! “Оомийин”,- деп атабыз ак батасын берди.
“Кабар” үчүн даярдаган Санрабия САТЫБАЛДИЕВА
 

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу