09.05.2015, 11:15

Жарым кылым жарыяланбаган чындык

(Өзбекстандык этникалык кыргыз, Социалистик Эмгектин Баатыры Азиз Токтобаев тууралуу эскеруу)

Азыркы мезгилде экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеништин 70 жылдыгы дүйнө коомчулугу, анын ичинде көп улуттуу Өзбекстан тарабынан кеңири белгиленүүдө. Расмий маалыматтарга караганда, экинчи дүйнөлук согуш башталганда, Өзбекстандын калкынын саны 6,5 миллион болгон. Алардын 1,5 миллиону колуна курал алып согуш аракеттерине катышышкан.
Биз бул макалада жеңиш күнүн жакындатууга өз салымын кошкон инсандардан бири, кыргыз-өзбек достугунун данакери, белгилуу окумуштуу, профессор, Социалистик Эмгектин Баатыры Азиз Токтобаев жөнүндө азын оолак сөз кылууну туура көрдүк.
Расмий маалыматтарга ылайык, Азиз Токтобаев 1934-жылы Фрунзе Педагогикалык институтун аяктагандан соң, Араван комсомол комитетинин биринчи секретары болуп дайындалат. Бир жыл иштегенден соң, Москвадагы ВКП(б)нын редактор жана котормочулар курсуна окууга жиберилет жана аны 1938-жылы бүтүрүп, Ташкентке жумушка жолдомо алат. Ал Ташкенттеги Казак билим журтунда мугалим болуп иштейт жана кечки марксизм-ленинизм институнда билим алат.
Согуш башталганда Ташкент областынын партиялык комитеттин бөлүм башчысы болуп дайындалат. Ал эми 1942-1946 жылдары Анжиян областынын Алтынкөл районунун катчысы, Анжиян шаарынын партиялык комитетинин жана Анжиян областык партиялык комитеттин катчысы кызматтарында эмгектенет.
Азиз Токтобаевдин жарым кылымдан кийин жарыкка чыккан чындыгы да согуш жылдарындагы иш-аракети менен байланыштуу. 1991-жылы 9-май майрамы алдынан Азиз Токтобаев мага телефон чалып, Республикалык «Нуроний» фондусу тарабынан уюштурулуп жаткан согуш жана эмгек ардагерлеринин майрам аземине алып барууну суранды. Аземде сөзгө чыккан ардагерлердин бири, мына согуштун башталганына да 50 жыл болду, эми кээ бир окуяларды ачыкка чыгарсак боло берет, деп Азиз Токтобаевдин Синьзяндагы иш-аракеттерине чон баа берди. Аземден кийин Азиз акенин үйүнө келип, Синьцзян окуяларын айтып берүүсүн сурандым. Азиз аке Алтын жылдызын көрсөтүп, билесиңби, бул жылдыз мага эмне үчүн берилгенин деп сөз баштады.
Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, СССРдин Чыгыш тарабындагы чек араларды чыңдоо, мамлекет коопсуздугун камсыздоо иш-чараларын уюштуруу маселелери өтө маанилуу болуп, Сталиндин жеке көзөмөлүндө болгон. Ошондо Кытайдын Синьзян аймагына бир канча атайын тыңчылар тобу жиберилген. Аларга жергиликтүү уйгур, казак, кыргыз өкүлдөрү менен иштөө жана СССРге чыгыш жактан күтүлгөн кооптуу абалды алдын алуу милдети жүктөлгөн. Азиз Токтобаев Москвага чакырылып, жашыруун борборлордун биринде атайын даярдыктан өтүп, мамлекеттин чыгыш тарабындагы чек ара коопсуздугун камсыздоо максатында Синьзян аймагына жиберилген партизандык отрядка жетекчиликке дайындалган.
Отрядка түрк жана кытай тилдерин билген, даярдыгы жогорку деңгээлде болгон адамдар кабыл алынып, алар англичандардын курал-жарагы менен камсыздалган. Максат ошол кезде Синьзянда кең багытта аракеттенип жаткан Германия разведкасынын резидентурасынан сактануу болгон.
1942-1946-жылдары Азиз Токтобаев Синьзянда Москванын жашыруун тапшырмаларын аткарып, алардын жыйынтыктары түздөн-түз Сталиндин столуна келип түшүп турган. «Мага Советтер Союзунун Баатыры наамы берилиши керек эле, бирок менин согуш мезгилиндеги кызматтарым жашыруун болгондуктан, Социалистик Эмгектин Баатыры наамы берилген»,- деп айтты аксакал сөз соңунда.
Азиз Токтобаев 1946-жылы кайра Ташкентке чакырылып, Өзбекстан КП БКнын бөлүм башчысы болуп дайындалат. Бир жылдан соң, 1947- жылы Азиз Токтобаевге Ташкент областына караштуу Янгиюль райондук партиялык комитеттин биринчи катчысы милдети жүктөлүп, жаңы районду 1949-жылга чейин башкарат. 1949-жылы анын согуш мезгилинде көрсөткөн эрдиги жогору бааланып, Сталиндин жеке көрсөтмөсү менен Азиз Токтобаевге Социалистик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылат.
1950-1953 жылдары Наманган областы Аткаруу комитетинин төрагасынын орунбасары, 1953-1955 жылдары Борбор Азия көмүр комбинатынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенет. 1956-жылы Кыргызстандын Кара-Суу районунун партиялык комитетинин биринчи катчысы болуп которулуп, ал жерде 5 жыл иштейт.
Азиз Токтобаев 1961- жылдан баштап, педагогикалык жумушка өтөт. 1965-жылга чейин Ош педагогикалык институтунда мугалим, 1965-1970- жылдары Ташкент Эл чарбасы институнда доцент, 1970-1977-жылдары Фергана педагогика институнда, 1978-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ташкент Медицина институнда саясий экономика кафедрасын башкарган.
Азиз Токтобаев 1995-жылы 84 жашында ааламдан кайтты, сөөгү Ташкенттеги Чагатай («Коммунисттер») көрүстөнүнө коюлган. Ал Ленин ордени, 2 жолу Эмгек Кызыл Туу, 2 жолу «Урмат Белгиси», Кызыл Жылдыз ордендери жана бир канча медалдар менен сыйланган. Жыл сайын 9-май күнү Ташкенттеги жергиликтүү кыргыздар Азиз Токтобаевдин эстелигине гүл коюшуп, куран түшүрүп, ал кишини жана жалпы өткөндөрдү эскерип турушат.
Өзбекстанда 9-май 17 жылдан бери Президент Ислам Каримовдун демилгеси менен «Эскерүү жана кадырлоо» күнү катары белгиленип келе жатат. Бул күнү жалаң экинчи дүйнөлүк согушка катышкандарды гана эмес, ооган согушунда курман болгондорду, ошондой эле жалпы өткөндөрдү эскерип, алардын арбагына куран түшүрүп, жаткан жайларына зыярат кылуу, тууган-урук, карыялардын ал-абалынан кабар алуу жакшы салты колго алынган.
Эскерүү жана кадырлоо күнүн белгилөөдө кыргыз жана өзбек элининин достугуна чоң салым кошкон улуу инсан Азиз Токтобаевдин эстелигине зыярат кылып, анын жашоосунун маңызы элдин тынчтыгын сактоо экендигин эске салабыз.
Бул чакан макалада берилген тарыхый фактылар эки адамдын достугу, эки улуттун биримдигине таасир бергендигин, жарыяланбай келген чындык Азиз Токтобаевдин мамлекеттин тагдырын чечүүдөгү активдуу аракетин жана жалпы адамзат алкагында ой жүгүрткөн инсан экендигин далилдейт.

Төлөнбай Курбанов, Ташкент, 8-май 2015-жыл