Улуу жеңиш

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
08/05 12:27
 

Жалал-Абад облусундагы согуш жана эмгектин ардагери маркум Умар Арыкбаевдин эрдиги эч качан унутулбайт (фото)

Жалал-Абад облусундагы согуш жана эмгектин ардагери маркум Умар Арыкбаевдин эрдиги эч качан унутулбайт (фото)

Жалал-Абад, 8-май /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Умар Арыкбаев Сузак районунун Багыш айылдык Советтин катчысы болуп туруп согушка 1942-жылдын март айында жөнөгөн. Аларды Алма-Атадагы 147 кавалерский полкто 3 ай согуш тактикасын окуткан.
Андан кийин Саратовдо Волга боюнда 2 ай болушкан.1942-жылдын ноябрь айында 102 аткычтар полкунда пулеметчу болгон.17-18-ноябрда согушка катышып оор жарадар болуп Воронеждеги Калач шаарындагы госпиталда 2 ай дарыланган. Жаратынан сакайган соң 1943-жылы кайра майданга аттанган.
Воронежден баштап Украинанын Киев, Львов шаарларын бошотууга жана Берлин, Дрезден, Прага шаарларындагы айыгышкан катуу согушка катышкан. 1945-жылдын май айынан Австриянын Вена шаарында согушуп 1946-жылдын май айына чейин Дунай дарыясынын жээгинде кызмат өтөгөн. 1946-жылы майда согуштан кайткан.

Согуштун катышуучусу У.Арыкбаев 1942-1946-жылдары согушта баатырдык көрсөткөндүгү үчүн 1 жана 2-даражадагы «Данк» ордени менен сыйланган. Андан сырткары, Сталингардды, Берлинди, Праганы бошоткондугу үчүн медалдарын согуш учурунда алган. Кийинчерээк Жеңиштин 20,30,40 юбилейлеринде медалдар менен сыйланган.
Согуштан кайтып келгенден кийин, бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө талыкпай эмгектенип, айылдык кеңештин катчысы, эсепчиси болуп иштеп турган. Кийинчерээк суу техниги кызматын аркалап жүрүп 1981-жылы пенсияга чыккан.

Согуш арадгери Умар Арыкбаев 1988-жылы 20-24-августта Харьков шаарында ветерандар менен жолугушууга барган.
Улуу Ата Мекендик согуштун 45 жылдыгында Москва шаарындагы Кызыл Аянтта аскердик парадка катышуу үчүн чакыруу келген. Бирок, ал жеңиштин 45 жылдыгына 1 ай 27 күн калганда, 12-март 1990-жылы оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

Учурда согуштун ардагери, эмгектин ветераны Умар Арыкбаев жашаган Тайгараев айылдык Кеңешинин Котур–Каман көчөсүндө ардагердин балдары неберелери жашап турушат.
“Атамдын мекенине өтөгөн кызматын эскерип майрамы менен куттуктап келем. Балдары атам өткөндөн бери ар жылы 9-май Жеңиш күнүндө мүрзөсүндө гүл десте коюп эскерүү минуталарын өткөрүү менен куран түшүрүп турабыз.
Мына быйыл да 70 жылдык майрамды өзгөчө өткөрүү үчүн 5 кыз 5 уулу, 49 небере 76 чебере жана 2 кыбырасы топтолуп куран түшүрүп эстелигине гүл чамбар коёбуз”-дейт кызы Алия Арыкбаева.
 

 

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу